Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №33/2
Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы У. Мокешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынан төмөндөгү контурларындагы жер анттары айыл элине топурак, шагыл алуучу карьер катары берилсин:
- 1128 контурунан-14 га топурак алууга;
- 653 контурунан-6 га шагыл алууга;
- 1250 контурунан-1,9 га шагыл алууга;
- 1472 контурунан-1,3 га шагыл алууга;
- 1411 контурунан-1,5 га шагыл алууга;
- 1404 контурунан-2,9 га шагыл алууга;
2. Топурак, шагыл алуучу карьерлерге берилген жер аянттарын ченеп, мыйзам чегинде укуктук документтер менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча жетектөөчү адис Э. Алымкуловго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Тѳрага | У.Мокешов |
|
|