Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-январы №33/3
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Султанбек уулу Саматтын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга иш планы бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2019-жылга жалпы бюджети 394 300 сом деп бекитилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- 131 433 сом жайыттарды жакшыртууга;
- 65 520 сом жайыт жер үчүн жер салыгы;
- 78 000 сом төраганын айлык акысына;
- 66 000 сом бухгалтердин айлык акысына;
- 24 840 сом 17,25% соц.төлөмгө;
- 20 000 сом ГСМге;
- 5 000 сом концелярдык товарга;
- 3 507 сом ар кандай чыгымдарга;
3. 2019-жылга 1 (бир) баш бодого 50 сом, сырттан келген бодого 100 сом, 1 (бир) баш кой-эчкиги 10 сом, сырттан келген кой-эчкиге 20 сом деп бекитилсин, токой чарбанын жеринен пайдалангандар жайыт акынын 70% төлөсүн.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Тѳрага | У.Мокешов |
|
|