Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-февралы №34/3
Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы У. Мокешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын С.Исраилов атындагы бала бакчасынын 2018-2019 билим берүү жана балдарды багуу жылына тамак үчүн ата-энелерден алынуучу акынын тарифи 3 жашка чейинки балдарга бир күнгө 13 же айына 300 сом, 3төн 7 жашка чейинки балдарга күнүнө 18 же айына 400 сом, аз камсыз болгон жана беш баладан көп жашы жете элек балдары бар үй бүлөөлөр үчүн 50 пайыз жеңилдик деп бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Тѳрага | У.Мокешов |
|
|