Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №20/1
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнүн негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-жылда жүргүзүлгөн иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун отчетун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кенеш,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2018-жылда аткарылган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовдун отчету «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Айтылган сын-сунуштар боюнча иш чара кабыл алынып, өз убагында аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Базаркулов |
|
|