Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 5
“Кара-Суу” чек ара заставасын акча каражатын ажыратуу жѳнүндѳ
Депутаттар “Кара-Суу” чек ара заставасынын башчысынын мамлекеттик чек аранын жээгин тазалоо, жол салуу жана эскертүүчү белгилерди орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳгү кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Суу” чек ара заставасына акча каражатын ажыратып берүү маселеси 2017-жылдын бюджетине киргизүү үчүн кезектеги чакырылыштын депутаттарынын кароосуна сунушталсын.
2. Токтомдун кѳчүрмѳсү чек ара заставасынын башчысына маалымат үчүн жѳнѳтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |