СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2018-жылдын 19-декабры №20/4
Жергиликтүү кеӊештин Типтүү этикалык кодексин жана аксакалдар сотунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майында №258-токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 24-июль 2018-жылдагы №01-28/188 жана №01-18/89 буйругуна ылайык Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Өмүрованын сунушун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын Типтүү Этикалык кодекси жана аксакалдар сотторунун Типтүү регламенти бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл аймагындагы айылдар боюнча аксакалдар соттору Типтүү регламентке ылайык иш алып барышсын.
3. Жогорудагы айылдык Кеӊештин этикалык Кодексин жана аксакалдар сотторунун типтүү регламентине ылайык иш алып баруусун көзөмөлгө алуу айылдык Кеӊешинин мандат депутаттык иш,этика,мыйзамдуулукту сактоо жана адамдардын укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Базаркулов |
|
|