Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №20/5
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, «Пробация жөнүндө», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу жѳнүндѳгү Кырыгыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ краштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18-1/26 буйругуна ылайык айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы .Ѳмүрованын маалыматын угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл аймагында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча тѳмѳндѳгүдѳй курамда 11 адамдан турган комиссия түзүлсүн.
Э.Керимкулов- аксакалдар сотунун тѳагасы,комиссиянын тѳагасы Ж.Абдыгулова-соц.адис,комиссиянын катчысы
Комиссиянын мүчѳлѳрү
Б.Кѳбѳнов- башкы адис
Э.Эгинбаев-А/К депутаты
Т.Дыйканов- А/К депутаты
Т.Токонсартов - А/К депутаты
Ч.Жаманов -А/К депутаты
К.Карабаев –Чекилдек айыл башчысы
Намазбек уулу Бектурсун- Семиз-Бел айыл башчысы
У.Дүйшѳналиев- Арсы айыл башчысы
М.Исаев- вет адис
3. Жогорудагы түзүлгѳн комиссия мүчѳлѳрү Типтүү жобого ылайык иш алып баруу жагы тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Базаркулов |
|
|