Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №20/10
Семиз-Бел айыл аймагындагы мекеме-ишканаларда иштеген кызматкерлер ѳз кызматтык милдеттерин аткарууда, жетишкен ийгиликтери үчүн айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу кызматкерлери С.Ѳмүрова, А.Касымова, айыл башчылары К.Карабаев, У.Дүйшѳналиев, Семиз-Бел айылдык клубунун кѳркѳм жетекчиси Тасмабаева Гүлзат жана «Куруучу» бала бакчасынын башчысы Кыдырмаева Гүлнараны Айылдык Кеңештин Ардак громатасына сунуш берүү жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп,талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айылдык Кеңешинин «Ардак громатасы» тѳмѳндѳгү кызматкерлерге ыйгарылсын.
2. Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы Ѳмүрова Салтанат,ФЭБ бѳлүмүнүн башчысы Касымова Айгүл, Чекилдек айылынын башчысы
3. Карабаев Канат, Арсы айылынын башчысы Дүйшѳналиев Улан, Семиз-Бел айылдык клубунун кѳркѳм жетекчиси Тасмабаева Гүлзат, “Куруучу” бала бакчасынын башчысы Кыдырмаева Гүлнара
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Базаркулов |
|
|