Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №20/11
Семиз-Бел айылынын башчысы Намазбек уулу Бектурсунга айылдын элин коомдук иштерге активдүү катышуусун уюштурууда жана айылдын ѳнүгүшү үчүн кошкон салымы үчүн, «Мыкты айыл башчы наамын» берүү жѳнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын угуп,талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Семиз-Бел айылынын башчысы Намазбек уулу Бектурсун «Мыкты айыл башчы» наамына сунушталсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар Кенешинен суралсын.
Тѳрага | Р.Базаркулов |
|
|