Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 6
Кайрагач айылынын социалдык маселелерин чечүү жѳнүндѳ
Депутаттар “Жарооз” шайлоо округунан шайланган депутат Мамажунусов Каныбектин Кайрагач айылынын шарттарын жакшыртуу жѳнүндѳгү кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрагач айылындагы жаңы конуштарындагы тургундарынын социал- дык шарттарын жакшыртуу максатында жолдорго шагал тѳшѳѳ, электр энер-гиясы менен камсыз кылуу жана башка кѳйгѳйлүү маселелерди чечүү жергиликтүү бюджетте каралган акча каражаттарынын эсебинен сметага ылайык жүргүзүлсүн.
2. Жогоруда аталган иштерди аткаруу үчүн сарпталуучу чыгымдардын сметасын түзүү, акча каражаттарын ажыратуу жана тез арада иш баштоо жагы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |