Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №20/15
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кара-Тоо айылына сейил паркын дем берүүчү үлүштүк грант менен 2 991841 (эки миллион тогуз жуз токсон бир мин сегиз жуз кырк бир) сомго куруу жѳнүндѳгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳздүк салым үчүн 15 пайыз 448800 (төрт жүз кырк сегиз мин сегиз жүз) сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндѳ «Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Кара-Тоо айылына сейил паркын куруу» долбооруна каражат 2018-жылдын бюджетине каралып, бөлүнүп берилсин.
2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын каржылап берүү жагы ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенешинин бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Базаркулов |
|
|