Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-июлу №10
Жумгал айылдык Кенешинин депутаттары, Жумгал айылдык Кенешинин 27-чакырлышынын депутаты Дуйшекеев Алтынбек Ишенбекович М.Ѳмүрканова орто мектебинин директору болуп дайындалгандыгын талкуулап жана ыйгарым укугун токтотууну карап, Жумгал айылдык Кенешинин депутаттары «Жергиликтуу ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 2-пунктунун 7 бѳлүгүнѳ жана «Жергиликтуу Кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,5 беренесинин 3-бѳлүмчѳсүнѳ Ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айылдык кенешинин депутаты Дуйшекеев Алтынбек Ишенбекович М.Ѳмүрканова орто мектебинин директорлугу болгондугуна байланыштуу, Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 2-пунктунун 7 бѳлүгүнѳ жана «Жергиликтуу Кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,5 беренесинин 3-бѳлүкчѳсүнүн негизинде, депутаттык ишмердүүлүгү жана мандаты токтотулсун.
2. Депутаттык бош орунду толуктоо Жумгал аймактык шайлоо округу боюнча шайлоочулардын кѳпчүлүк добушун алган кийинки талапкерди каттоо Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Бул токтом БШК нын Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жѳнѳтүлсүн.
4. Бул токтомдун кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзүмѳ калтырам.
Тѳрага | Т.Айтбаев |
|
|