Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры №14
Жумгал айылындагы Мыскал Ѳмүрканова атындагы орто мектебинин жылуулук берүүчү системасы капиталдык ондоого муктаж болгондугун эске алып, капиталдык ондоодон ѳткѳрүү үчүн ѳздүк салым кошуу жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳт башчысы С.Капарбековдун сунушун угуп, талкуулап канаттандыруу максатында, Жумгал айылдык Кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айылындагы Мыскал Ѳмүрканова атындагы орто мектебинин жылытуу системасын алмаштырууга капиталдык ондоодон ѳткѳрүүгѳ түрткү берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттин эсебинен ѳздүк салым кошууга Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн мектептин жылуулук берүүчү ситемасын капиталдык ремонттон ѳткѳрүү боюнча колдоого алынса 702746 (жети жүз эки мин жети жүз кырк алты) сом бѳлүштүрүлсүн.
2. Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2018-жылы долбоорго кечиктирилбей каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Капарбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Айтбаев |
|
|