Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 7
Алгабас айылынын социалдык маселелерин чечүү жѳнүндѳ
Депутаттар “Жарооз” шайлоо округунан шайланган депутат Сурапбаев Нурдиндин Алгабас айылынын шарттарын жакшыртуу жѳнүндѳгү кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алгабас айылынын тургундарынын социалдык шарттарын жакшыртуу максатында балдар бакчасын жана спорттук аянтчасын куруу жана башка кѳйгѳйлүү маселелерди чечүү жергиликтүү бюджетте каралган акча каражаттарынын эсебинен сметага ылайык жүргүзүлсүн.
2. Жогоруда аталган иштерди аткаруу үчүн сарпталуучу чыгымдардын сметасын түзүү, акча каражаттарын ажыратуу жана тез арада иш баштоо жагы айыл ѳкмѳтүнѳ тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык кеңештин тийиштүү туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Б. Жунусов |