Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июлу №6
Жумгал айыл аймагына караштуу,Жумгал айылында жашаган балдардын саны жылдан-жылга ѳсүп жаткандыгына байланыштуу, бала бакчабыз мектептин бир капталында жайгашкандыктан, балдарга ѳзүнчѳ заманбап шартта тарбиялоо үчүн Жумгал айылына бала бакчага имарат курууга жер маселесин чечип берүү максатында, айылдык кенештин депутаттарына айыл ѳкмѳттүн кайрылуусун угуп, талкуулап, канааттандыруу максатында Жумгал айылдык кенештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагына бала бакчага имарат салуу үчүн Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчик 0,52 (элуу эки)сотых жеринен 0,30 (отуз) сотых жер бѳлүнүп берилсин.
2. Бала бакчага имарат салына турган жер тѳмѳндѳгү жердин чеги менен аныкталып бѳлүнүп такталып берилсин.
- чыгыш тарабы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн канторасы
- тундук тарабы Бегалиев Аким кѳчѳсү
- батыш тарабы Жумгал айылындагы мечит
- түштүк тарабы Чаек Кочкор жолу
3. Бул токтомдун аткарылышын жана жердин тиешелүү документтерди бүтүрүү жагы Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Капарбеков Сталбек Абдыразаковичке милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Айтбаев |
|
|