Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры №9
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7- беренелеринин,«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январдагы № 3-токтому менен бектилген «Айыл ѳкмѳттүн башчысын шайлоонун тартиби жѳнүндѳ» Жобосунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 2-ноябрындагы 202 токтомуна ылайык, Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 21-ноябрь күнү белиленгендигине байланыштуу, Жумгал айылдык Кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо АШК нын жыйынтыгынын негизинде Жумгал айыл ѳкмѳт башчысына койгон талапкер толук кандуу добуш ала албай калды.
2. Жумгал айылдык кенешинин сессиясына катышкан жалпы депутаттар 11 Макул-5 каршысы- 6
3. Жумгал айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысына талапкер Жумгал айылдык Кенешинин депутаттарынын кѳпчүлүк добушуна ээ болбогондугуна байланыштуу Жумгал айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы шайланган жок.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳл кылуу жана тиешелүү жерге маалымат берүү жагы, Жумгал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Мамбеткулова Кенжекан Буларовнага милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Айтбаев |