Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-октябры № IҮ/II
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги IY сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөлүп калган акча-каражаттар кайрадан бөлүштүрүлүп пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүгүнөн үнөмдөлгөн:
Статья 2215 - МЧС ке каралгандан 38,7 сом,
Статья 2232- энергия акысынан 51,9 сом,
Бала бакча бөлүгүнөн Статья 2232- энергия акысынан 41,2 сом,
Билим берүү бөлүгүнөн Статья 2232- энергия акысынан 206,9 сом
Баардыгы 338,7 /үч жүз отуз сегиз миң жети жүз/ сом акча-каражаттар айыл аймагында төмөндөгү иштерди аткарууга жумшалсын:
- А.Кермакунов көчөсүнө КТП 260/10/0,4 трансформаторун коюууга 161,2 (бир жүз алтымыш бир миң эки жүз ) сом.
- С.Сатиев көчөсүнө көчө жарыгы 127,5 / бир жүз жыйырма жети миң беш жүз/ сом
- Айыл өкмөттүн имаратынын ремонтунун долбоорлук- сметалык документациясын жасатууга 50,0 /элүү мин/ сом
Баардыгы 338,7 /үч жүз отуз сегиз миң жети жүз/ сом
3. Маданият бөлүгүндөгү “Ыр кесе” өткөрүүгө каралган 20,0 /жыйырма мин/ сом акча каражаты аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн жана айылдагы жетим балдардын жаңы жылдык “Балаты” майрамын өткөрүүгө жумшалсын.
4. Үнөмдөлүп калган акча-каражаттарды бөлүмдөн бөлүмгө,статьядан статьяга жылдырып берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын
5. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Тѳрага | А.Мурзалиев |
|
|