Редакцияот 16.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги ХV сессиясы

 

2019-жылдын 16-октябры №78

Саркынды сууларды тазалоочу курулуш курууга уруксаат берүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» Мыйзамынын 31-беренесинин жетекчиликке алып, Аймактагы экологиялык тен салмактуулукту камсыздоо максатында, Ѳрнѳк айылынын орто мектебинин администрациясынын 28.11.2017-ж., жеке инвестордун жардамы менен саргынды сууларды тазалоочу курулуш курууга уруксаат сурап кайрылган №7 арызын жана Ысык-Кѳл райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан даярдалган кырдаалдык схеманы карап, талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ѳрнѳк орто мектебинин жер тилкесинин тγштγк тарабына саргынды сууларды тазалоочу курулуш курууга уруксаат берилсин.

2. Чон-Сары-Ой айыл аймагынын айыл Ѳкмѳтγнѳ тиешелγγ иш кагаздарын алуу жагы милдетендирилсин.

3.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин “Жер, агрардык реформа, кайра иштетүү ѳнѳр-жай, курулуш,байланыш, транспорт, отун-энергетика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳраганын орун басары

Жумабек уулу Кайрат