Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-октябры №81
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» VIII-бѳлүмүнүн 16-главасынын 78 -беренесине ылайык, Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кирешенин көп түшкөндүгүнө байланыштуу, жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнө акча-каражаттын көп түшүп жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 4048,8 (тѳрт миллион кырк сегиз миӊ сегиз жүз) сом өлчөмүндө акча-каражатына көбөйтүлүп 2018-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизилсин.
2. 2018-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизилген 4048,8 миң сом өлчөмүндө акча-каражаты төмөндөгүдөй иш-чараларга каралсын:
- АУП - 22154900 – 100,0 миң сом;
- ЖКХ - 31113290 – 1800,0 миң сом;
- ЖКХ - 31122290 – 1600,0 миң сом;
- БАЛА БАКЧА (атайын эсеп) - 22181100 - 548,8 миӊ сом.
3. Токтомду макулдашуу жагы Финансы Министрлигинин Ысык-Кѳл башкармалыгы менен макулдашылсын.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г. Ормукова жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Абдрахманов |
|
|