Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-октябры №82
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» VIII-бѳлүмүнүн 78 -беренесине ылайык, жана Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2018-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджетинин калдык акча-каражаттарына ѳзгѳртүү киргизүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын үчтүн айынын 1ине карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү 8227.0 миң сом өлчөмүндөгү калдык акча-каражаттарынын эсебинен бѳлүнгѳн 4554,8 миӊ сом анын ичинен:
- Орто мектептерге даараткана куруудагы калдык карызы 74,0 миӊ сом;
- Бает айлындагы таза суу скважинасын тазалоо 350,0 миӊ сом;
- Сары-Ой айылындагы тренажердук залдын ондоо иштерине 30,0 миӊ сом;
- Чон-Сары-Ой айылындагы БСРди тазалоо 200,0 миӊ сом;
- Чок-Тал айылындагы бала бакчанын фундаментин тургузуу 884,5 миӊ сом;
- 5 айылга көчө жарыгын орнотуу үчүн 2849,4 миӊ сом
- Айланма каражаттын жүгүрүмдүүлүгү үчүн кассага 166,9 миӊ сом акча-каражаттары муктаждыктарга жараша тѳмѳндѳгү чыгымдарга жумшалсын:
- Чоӊ-Сары-Ой айылындагы МТСбек кѳчѳсүнѳ линия тартуу -243,7 миӊ сом;
- Бает айылына таза суу насосун алуу 186,3 миӊ сом;
- Чок-Тал айылындагы жаны конуштарга суу тартуу үчүн 1862,3 миӊ сом;
- Чоӊ-Сары-Ой айылына таза суу скважинасы казуу үчүн 1600,0 миӊ сом;
- Жайыт пайдалануучулар бирикмесине айлык маяна -166,3 миӊ сом
- Чок-Тал айылындагы жаны конуштарга эл. линиясын тартуу үчүн 496,2 миӊ сом.
2. Токтом массалык- маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомду макулдашуу жагы Финансы Министрлигинин Ысык-Кѳл башкармалыгы менен макулдашылсын.
4. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г. Ормукова жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Абдрахманов |
|
|