Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры №98
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» VIII-бѳлүмүнүн 78 беренесине ылайык, Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана 2020-2021 жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлорун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сары-Ой айыл Аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгышылары боюнча 42871,0 сом (кырк эки миллион сегиз жүз жетимиш бир миӊ) сом, анын ичинде атайын каражаттар боюнча 950,0 (тогуз жүз элүү миӊ) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
2. 2020-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча 38685,8 (отуз сегиз миллион алты жүз сексен беш миң сегиз жуз) сом, ѳлчѳмүндѳгү долбоору жактырылсын.
3. 2021-жылга карата 39107,9 (отуз тогуз миллион бир жүз жети миң тогуз жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Ысык-Кѳл областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г. Ормуковага жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Абдрахманов |
|
|