Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры №99
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” мыйзамынын 20-беренесин жана Чон-Сары-Ой айыл Аймагынын статистикалык маалыматтарын убагында жыйноо жана жогорку органдарга берип туруу маселесин карап, талкуулап чыгып Эл депутаттарынын Чон-Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 17.03.2014-ж № 145 –токтому менен бекитилген, КР улуттук статкомунун 31.03.2015-ж №10-токтому менен макулдашылган Улуттук Статистика комитетинин мамлекеттик статистика башкармачылыгынын Ысык-Кѳл райондук бѳлүмү жана Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтү ортосунда түзүлгѳн келишим берилген редакциясында жактырылсын.
2. Келишимдин негизинде Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн 2019-жылга каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бѳлүгүнѳ ѳзгѳртүүлѳр жана толуктоолор киргизилсин.
3. Тийиштүү иш-чараларды эффективдүү алып баруусуна комиссия курамы түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы бир айлык мѳѳнѳт менен Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Г.Ормуковага, финансы бѳлүмүнүн башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
5. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү боюнча” жана “Депутаттык иш,этика,мыйзамдуулук,укук коргоо,аскердик тарбия,спорт жана жаштар маселеси боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Абдрахманов |
|
|