Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы №21/82
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018–жылдын 17–октябрындагы №01–18–1/26 буйругун аткаруу максатында, Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын айрым мүчөлөрүнүн комиссиянын курамынан чыгуу боюнча арыз беришкендигине байланыштуу, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы “Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын ЖОБОСУ тууралуу” №20/80 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1). Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын төмөнкү мүчөлөрүнүн
– Миркадыров Муктар Мирсалиевич;
– Джураев Джурабек Илесжановичтин;
– Кыпчаков Нурмухамед Абдуллаевичтин;
– Маткалыков Асилбек Жоробаевичтин комиссиясынын курамынан чыгуу жөнүндө беришкен арыздарына негиз комиссия курамынан чыгарылсын.
2). Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштери кароо боюнча комиссиясынын курамына төмөнкүлөр мүчө болуп бекитилсин:
а) Абдуллаев Адылбек Ганиевич – шаардык кеңештин детутаты:
б) Кабулов Толкунбек Тургунбаевич – шаардык кеңештин детутаты:
в) Жаликулов Жеңишбек Калыкулович – шаардык кеңештин детутаты:
г) Далибаев Токторбай – ички иштер органынын ардагери, Акбулак айылынын аксакалдар сотунун төрагасы:
3). Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын:
– төрагасы болуп Матраимов Төлөналы Матраимович дайындалсын;
– катчысы болуп Эранов Мирлан Мураталиевич дайындалсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У.Дарипова |
|
|