Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 05-февралы №21/83
«Жегиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 22-январындагы №59 протоколунда каралып такталгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясында шаардын 2017-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук суммасы 123007,2 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 12 айында киреше бөлүгүнүн аткарылышы 146952,7 миң сом, чыгаша бөлүгү 145832,5 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы бекитилсин (тиркемелер тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | У.Дарипова |
|
|