Загрузка документа…
КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 9
“Айылды инвестициялоо-3” долбоорунун 2-циклына кѳйгѳйлѳрдү сунуштоо үчүн конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жѳнүндѳ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашкар-Кыштак айылдык аймагында түзүлгѳн конкурстук комиссиясынын сунушу эске алынсын.
2. Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын Кенжекул айлындагы № 21 Топчубай Юнусов атындагы орто мектебине оргтехникаларды жана видео кѳзѳмѳлдү орнотуу кѳйгѳйүн “Айылды инвестициялоо-3” долбоорунун 2-циклына сунушталсын.
3. Кашкар-Кыштак айылдык аймагына караштуу айылдардагы демилгелүү топтор аныктап келген кѳйгѳйлѳрдү эске алуу менен айылдык аймактын ѳнүгүүсүнүн стратегиясы толукталып, иштелип чыгылсын.
4. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын адиси Х. Масадиковго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ менчик, бюджет, финансы жана экономикалык ѳнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Жунусов |