Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы №4
Исфана шаар мэриясынын “Исфана шаар мэриясына караштуу көп жыл мурда турак жай куруп алган жарандарга жер тилкелерин мыйзамдаштырууга макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу көп жыл мурда турак жай куруп алган жарандарга жер тилкелерин мыйзамдаштырууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкелерин мыйзамдаштырууда иш-кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик-укуктук актыларына ылайыкташтыруу жагы Исфана шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Тагаев |