ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы
2019-жылдын 31-январы №6
А.А.Каримовду “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын А.А.Каримовду “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.А.Каримовду Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси кызматына дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.И.Тагаев |