Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-февралы №12.1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы А.Бакашовдун маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2019-жылга түзүлгөн милдеттери тууралуу Жайыт комитетинин төрагасы А.Бакашовдун маалыматы жактырылсын.
2. 2019-жылга Капчыгай айыл өкмөтүндөгү Жайыт комитетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 100.0 (бир жүз мин ) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Капчыгай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине караштуу мал башына жайыт акы өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
Бодо малга – 40 сом
Жандык малга -8 сом менен,
ал эми башка айыл өкмөттөрдөн келген
бодо малга - 100 сом
жандык малга -20сом
4. Жайытты убактылуу пайдаланууга жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жагы Жайыт комитетинин төрагасы А.Бакашовго жүктөлсүн.
5. Жайыт комитетине жана ар бир айылдын айыл башчыларына (Кара-Таш Сары-Бээ, Терек-Суу жана Ничке-Суу) төмөнкүлөр милдеттендирилсин:
-сырттан келген малдын башын тактап жана алардан салык өндүрүү;
-жайыттарды туура бөлүштүрүү;
-өз убагында элдерди жайлоого көчүрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
-жайлоого кеткиче малдын башын тактап эсепке алуу;
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кенешинин агрардык,азык-түлүк,жер жана жер ресрустары,жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына ( К.Кебеков) жүктөлсүн.
Тѳрайымы | П.Сайдилканова |
|
|