Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-апрели №6
Айылдык кеңештин аймагында Көл-Төр айылында жашап өткөн Жумабеков Токтонаалыга ысымы бериле элек туурасынан кеткен көчөгө ысымын берүү жөнүндөгү айылдын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколун талкуулап, Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айылындагы ысым бериле элек туурасынан кеткен көчөгө Жумабеков Токтонаалынын ысымы берилип, “Жумабеков Токтонаалы” атындагы көчөсү деп аталсын.
2. Аты берилген көчөнүн тазалыгына, жарыктандыруу, ар кандай ремонт иштерине жана айыл өкмөтү тарабынан тапшырылган иш-чараларды аткаруу жана керектүү кагаздарын 30 күн ичинде бүткөрүү иштери уулу Жумабеков Кылычбек Токтоналиевичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Тѳрага | У. Мааткеримов |
|
|