Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-апрели №10
Айыл аймагында айдап себүү, таза суу, сугат суу жана жайыт тартибин камсыз кылуу жөнүндөгү айылдык жыйындын протоколдорун карап жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында корук 1-майдан башталсын, жайлоого көчүп кетүүнүн акыркы күнү 1-июнь болуп бекитилсин. Жайлоодон көчүп келүү 1-октябрдан башталсын.
2. Айдап-себүү, мал багуу, сугат суу жана таза суу акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Жерди айдоо, мала жана себүүнү кошкондо 1 га жерге 50литр солярка 2700 сом;
- 1га жерди сугарууга – 150сом, огороддук участокторду сугаруу – 50-100сом;
- Бодо малды багуу – 250-300 сом, кой-эчкини багуу – 40сом;
- Таза сууну үйүнө киргизүү үчүн кошуу акысы– 1000сом.
3. Айыл аймагындагы тартип бузуучуларга төмөндөгүдөй айып пулдар бекитилсин:
- Айдоо жерлерге мал кирсе ар башына 500 сом, экинчи жолу кайталанса – 1000сом, кой эчкиге – 200сом.
- Уруксааты жок таза сууну кошуп алгандарга – 5000сом;
- Уруксааты жок сугат сууну жыгып алгандарга – 5000сом;
- Жайлоодон эрте көчүп келгендерге – 10 000сом;
4. Тартип бузуучулардан айып пулдарын өндүрүү боюнча талаш-тартыш маселелерин чечүү айыл аймагынын административдик укук бузуулар боюнча комиссиясы, айылдык аксакалдар соттору жана участкалык инспектор аркылуу ишке ашырылсын.
5. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
6. Бул токтомду аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Азизовго, көзөмөлдөө жагы агрокомитеттин төрагасы А.Алымбаевге тапшырылсын.
Тѳрага | У. Мааткеримов |
|
|