Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-июлу №12
Айылдык кеңештин аймагында Көл-Төр айылында жашап өткөн Султанбаев Абдрасулга ысымы бериле элек Тогуз-Булак –Коңур-Өлөң автожолу өтүүчү көчөгө берүү жөнүндөгү айылдын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколун талкуулап, Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көл-Төр айылындагы ысымы жок Коңур-Өлөң-Тогуз-Булак автожолу өткөн чоң көчөгө Султанбаев Абдрасулдун ысымы берилип, “Султанбаев Абдрасул” атындагы көчөсү деп аталсын.
2. Аты берилген көчөнүн тазалыгына, жарыктандыруу, ар кандай ремонт иштерине жана айыл өкмөтү тарабынан тапшырылган иш-чараларды аткаруу жана керектүү кагаздарын 30 күн ичинде бүткөрүү иштери уулу Султанбаев Имаш Абдрасуловичке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Тѳрага | У. Мааткеримов |
|
|