Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры №14
Айыл аймагынын жайыт комитетинин билдирүүсүн негиздеп, айыл аймагында мал уурулуктун алдын алуу жана жайыт тартибин камсыз кылуу максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы бодо малдарды идентификациядан өткөрүү иштери күчөтүлсүн. Айыл аймагындагы топоздорду идентификациядан өткөрүү жумуштары 2018-жылдын 10-ноябрына чейин аякталсын. Индентификациялоо иштерин күчөтүү жана аягына чыгаруу айыл аймагынын жайыт комитетине жана айыл аймагынын ветеринарларына жүктөлсүн.
2. Идентификациядан өтпөгөн бодо малдарга айыл өкмөтүнөн мааалымдамалар берилбесин.
3. 2019-жылдын 1-январына чейин жайыт тартибин камсыз кылуу жана жайыт төлөмдөрүн ишке ашыруу боюнча айыл тургундарынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. 2019-жылдын 1-январынан баштап жайыт акысын төлөбөгөн айыл аймагынын тургундарына маалымдамаларды берүү токтотулсун.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Тѳрага | У. Мааткеримов |
|
|