Загрузка документа…
БЕЙШЕКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №1
Бейшеке айылдык кенешинин V – чакырылышынын депутаттарынын 2018 – жылдын 2 – февралындагы кезектеги 2– сессиясынын 2 – протоколунун чечиминин негизинде Бейшеке айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бейшеке айылынын Т. Айтманбетов атындагы орто мектебинин территориясында курулган спорт комплексине, айылдын тургуну Кыргыз Республикасынын “Ардактуу Аксакалдар Орденинин” ээси, Кыргыз Республикасынын Баткен согушчандар уюмунун “ Ата сыймыгы” медалынын ээси, Эл агартуунун отличниги- Кыбалов Мадраимбек Шаршеновичтин ысымы, Кара – Буура районундагы жаш өспүрүм балдардын спорт мектебинин педагогикалык кенешмесинин 2018 – жылдын 1 – февралындагы №30 протоколунун негизинде чыгарылган сунушту эске алып, Шаршен уулу Мадраимбек атындагы спорт комплекси деп аталсын.
2. Кыбалов Мадраимбек Шаршеновичке “Бейшеке айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Умарбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Тыналиев |