Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры №3
Жергиликтүү бюджетти бекитүүдө каралбаган. учурдагы көйгөйлүү зарыл маселелерди чечүү үчүн жылдык пландан ашыкча түшкөн салык жыйымы жөнүндөгү,Сейдикум айыл өкмөт башчысы Э.Доолаталиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн 2017-жылындагы жылдык пландан ашыкча түшкөн салык жыйымы,2017-жылдагы жергиликтүү бюджетин бекитүүдө каралбай калган ,учурдагы көйгөйлүү төмөндөгү зарыл маселелерди чечүү үчүн жумшалсын.
1. №9-Ж.Асанов мектебинин отканасын оңдоого, чыгымы дефектный акт жана смета боюнча аныкталсын.
2. Сейдикум айыл аймагындагы мектептердин окуучулар өтүүчү жерлерге “Айдоочу көңүл бур балдар” деген жол белгилерин орнотууга.
3. Сейдикум айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына маалымат доскасын орнотууга
4. Жаш-Ленин айылына электр мамычаларын орнотууга,чыгымы смета боюнча аныкталсын.
2.Акча каражатын камсыз кылып беруу жагы Сейдикум айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык Кеңештин бюджет боюнча комитетинин төрагасы А.Ирисовко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Турсункулов |
|
|