Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры №5
Жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бош жаткан жер тилкесин пайдаланууга берүү учун Сейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын VIII-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Т.Акматов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесине намаз окуучу мечит куруу үчүн пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
2. Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Т.Акматов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесине намаз окуучу мечит куруу үчүн пайдалануу документтерин даярдап берүү жагы Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Б.Турсункулов |
|
|