Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры №6
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги VШ- сессиясы Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевдин Кызыл- Ай айылындагы №9 Ж.Асанов атындагы орто мектебинин айланасын темир тосмолоого жана жаңы 10 очколуу туалет куруу үчүн, Республикалык дем берүүчү долбоорго сунуштоо боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын, Кызыл Ай айылындагы №9 Ж.Асанов атындагы орто мектебинин айланасын металдан тосмолоо жана 10 очколуу жаңы туалет куруу боюнча долбоору приоритеттүү долбоор деп белгиленсин.
2. Демилгечи топтун чогулушу тарабынан шайланган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Долбоордогу көрсөтүлгөн 2974,400 (эки миллион тогуз жуз жетимиш торт мин төрт жуз) сом акча каражаттын 10% өлчөмүндөгү акча каражатын 2018-жылкы жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жагы Сейдикум айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык Кеңешинин Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Турсункулов |
|
|