Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры №7
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги VШ- сессиясы Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевдин Чоң-Курулуш айылындагы №44-А.Жумубаева атындагы орто мектебинин айланасын металдан тосмолоо учүн Республикалык дем берүүчү грантка долбоор сунуштоо боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын, Чоң-Курулуш айылындагы №44-А.Жумабаева орто мектебинин айланасын металдап тосмолоо долбоору приоритеттүү долбоор деп белгиленсин.
2. Демилгечи топтун чогулушу тарабынан шайланган жумушчу топтун курамы бекитилсин.
3. Долбоордогу көрсөтүлгөн 1912,388 (Бир миллион тогуз жүз он эки миң үч жүз сексен сегиз) сом акча каражаттын 10% өлчөмүндөгү токтап айтканда 191,0(Бир жүз токсон бир мин) акча каражатын 2018-жылкы жергиликтүү бюджеттен төлөп берүү жагы Сейдикум айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык Кеңешинин Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Турсункулов |
|
|