Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы №3
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X-сессиясынын, Сейдикум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетунда 2017-жылга калган 1084,9 миң сом акча каражатын, жана атайын каражаттан калган 27,7 миң сом түзүлүшүн бекитүү жөнүндөгү ФЭБ башчысы К. Абдыкадыровтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Сейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсептик счетунда 2017-жылдан калган 1084,9 миң каражаты бар экендиги белгиленсин.
2. 2017-жылдан калган 1084,9 миң сом, төмөнкү чыгымдарга жумшалсын.
70111 разделдин 3111 статьясына 1007,0 миң сом.
70821 разделдин 3111 статьясына 24,0 миң сом.
70821 разделдин 3112 статьясына 12,2 миң сом.
3. Атайын каражаттан калган калдык 27,7 миң сом акча каражаты 70911 разделдин 3111 статьясына сарпталсын.
4. Айыл өкмөтүнө түшкөн акча каражаттарын райондук регионалдык казына бөлүмү аркылуу иштетүү ФЭБ башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ирисовко жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Турсункулов |
|
|