Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы №5
Сейдикум айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы М. Эргешовдун 2017-жыл ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги X - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сейдикум айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2017-жыл ичинде иштери канаатандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетине, чек араларды тактап, ижара акысын толук өндүрүү боюнча иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3. Жайыттарды деградациядан сактоо максатында, малдын санынан сапатына өтүү боюнча иш алып барылсын.
4. 2018-жылга жайыт комитетинин иш планы бекитилсин жана иш-план боюнча иш алып баруу жайыт комитетине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Абдраимовко милдеттендирилсин.
Тѳрага | Б.Турсункулов |
|
|