Редакцияот 19.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сейдикум айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

 

2018-жылдын 19-январы №6

Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Доолаталиевдин билдирүүсү жөнүндө

 

Сейдикум айыл аймагынын,Сейдикум айыл өкмөтүнун башчысынын айыл чарба жер салыгынын базасын көтөрүү жөнүндөгү билдирүүсүнүн, ар бир айылдардан келген, болуп өткөн жалпы жыйындардын протоколдорунун угуп жана талкуулап, Сейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын X - сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сейдикум айыл аймагынын айыл чарба багытындагы сугарма жер салыгынын базалык ставкасына 100 сом кошумчалап же 514 сомго көтөрүп, план киргизилип берилсин. Кыргыз Республикасынын салык кодексине негиз.

2. Айыл чарба багытындагы сугарма жер салыгынан кошумча түшкөн кирешени,токтомдун негизинде уведомление жазып, Базар-Коргон райондук каржы бөлүмүнүн макулдашуусу менен смета түзүү жагы Сейдикум айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровко милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы К.Абдыкадыровко жана салык бөлүмүнүн башчысы- башкы адис К.Абдуллаевтерге тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Экономика жана бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Ирисовко милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Б.Турсункулов