Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры №2
Сейдикум айылдык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы Сейдикум айыл аймагынын Жаш-Ленин айылынын жашоочуларынын маркум,Сейдикум айылдык Кеңешинин депутаты Дженалиев Базарбай Каримовичтин атын коюп берүү боюнча арызын, протоколу менен угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сейдикум айыл аймагынын Жаш-Ленин айылынын тургундарынын көчөгө ат коюуу боюнча өткөрүлгөн жыйынынын протоколу бекитилсин.
2. Сейдикум айыл аймагынын Жаш-Ленин айылынын Эргешов Абдыманаптын үйүнөн, Камалов Хамидиллонун үйүнө чейин маркум айылдык Кеңештин депутаты Дженалиев Базарбай Каримовичтин аты бекитилсин.
3. Бекитилген көчөгө аты жазылган пано үй номерлеринин таблицаларын жазып орнотуу, Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Турсункулов |