Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-февралы №30
Кууганды айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. №36 жол тейлөө мекемесинин 2,5 км чакырым жолго гравий төшөө үчүн, асфальт басуу иштери толугу менен бүткөрүлгөнгө чейин, гравий алууга Кууганды айыл аймагынын Тегерек өзөнүнүн этеги жана Кууганды өзөнүндөгү Кызыл таштын жаны көрсөтүлсүн.
2. 2-маселени сессиянын күн тартибине киргизген депутаттын сессияга келбегендигине байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
3. Жайыт комитетинин төрагасы сессияга келбегендигине байланыштуу, отчету кийинки сессияга калтырылсын.
4. ИСКААКБ “Таза-суу” коомдук бирикмесинин маалыматы толук болбогондугуна байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
5. 2019-жылдын 5-февралындагы элдик жыйындын чечими бекитилсин..
6. Айыл аймагына долбоорлор менен келген техникалардын алынбаган юридикалык документтерин бүткөрүү үчүн кеткен чыгымды жана баланска алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
7. Айыл аймагынын Ген.планында көрсөтүлгөндөй, айыл тургундары тосуп алган жерлерди,жолдорду ачтыруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
8. Н.Шаршен көчөсүнүн жашоочуларынан түшкөн арыздын негизинде, Шаршен көчөсүнүн башталышында көчөнү каптап жаткан сууну, дренаж казуу жолу менен чоң сууга буруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Э.Тайтекеев |
|
|