ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Долоно айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХV сессиясы
2018-жылдын 12-декабры №32
Долоно айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышынын 25-сессиясы күн тартибинде каралуучу Долоно айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик балансына жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга бекитүү жөнүндө Долоно айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4,13-беренелерин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долоно айыл аймагынын Долоно айыл өкмөтүнө тиешелүү муниципалдык менчик Ак-Жар айылынын түштүк тарабында жайгашкан 1308,30 м.кв. жер тилкесинен кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер участогу жана кичи футбол имаратын куруу үчүн 1308,30 м.кв.Долоно өкмөтүнүн муниципалдык менчигине «мөөнөтү көрсөтүлбөгөн» пайдалануу укугу берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышына жана көзөмөл жүргүзүү жагы Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын айыл башчысы Кудайбергенов Белекке жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Кошоев |
|
|