ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Долоно айылдык кеңешинин VII чакырылышынын ХХV сессиясы
2018-жылдын 12-декабры №32§1
«Барчын» балдар эс алуу борборунун кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- мартындагы № 169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө Убактылуу жобону карап көрүп ,талкуулап Долоно айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долоно айыл аймагынын административдик чегиндеги «Барчын» балдар эс алуу борборунун имараттары жайгашкан Талас токой чарбасына караштуу № 114 ; № 117; №118 № 119 чөйрө сызыктарындагы жалпы аянты 4,33 га жер участогун « Токой фондусунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Долоно айыл өкмөтүнүн башчысына ждүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Кошоев |
|
|