Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №2
Айыл кеңешинин алдында түзүлгөн аксакалдар сотунун бир нече жолку төрагасы, айыл аксакалы 1940-жылы туулган Өзүбеков Жумагулду 2019-жылдагы Ак-Жар айылынын кайрылуусунун негизинде айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча карап, талкуулап чыгып Долоно айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көп жылдардан бери айыл кеңешинин төрагалык кызматын аткарып, айыл жаштарына акыл насаатын айтып, таалим тарбиясын берип келген, аксакалдар сотунда төрагалык кылып турган убакта калыс чечим чыгарып, айыл элин ынтымакка чакырып келгендиги үчүн Ж.Өзүбековго айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймак башчысы Ө.Боркеевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Кошоев |
|
|