Загрузка документа…
ДОЛОНО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы №4
Долоно айыл аймагынын №4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда көп жылдардан бери дарыгерлик кызматты аркалап, айыл элдеринин ден соолугуна кам көрүп келген Ч.Суюнтбековго айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча №4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Долоно айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долоно айыл аймагынын №4 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда көп жылдардан бери дарыгерлик кызматты аркалап, айыл элдеринин ден соолугуна кам көрүп келген Ч.Суюнтбековго айыл аймагынын «Ардактуу атуулу»наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймак башчысы Ө.Боркеевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Б.Кошоев |
|
|