Загрузка документа…
К.АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-февралы №4
Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2019-жылдын 14-февралындагы кезексиз 20- сессиясындагы протоколдун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовдун Социалисттик Эмгектин Баатыры, эки Ленин,Октябрь революциясы,эки Эмгек Кызыл Туу жана Ардак белгиси ордендеринин ээси, Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече жолку депутаты маркум Акназаров Корчубекти Кыргыз Республикасынын “Ак шумкар “ өзгөчө наамына көрсөтүү жөңүндөгү кайрылуусу жактырылсын.
2. Көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер,Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры мамлекетибиздин калыптанышына, социалдык –экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон, иш билги жетекчи жана уюштуруучу,эл кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мыкты инсан Акназаров Корчубек Акназаровичти Кыргыз Республикасынын “Ак шумкар“ өзгөчө наамына көрсөтүү жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан сунушталсын .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Б.Субановго жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Рысматов |