Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры №4
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышындагы XХII - сессиясы Боо-Терек айыл аймагындагы Ч. Сатаев атындагы маданият үйүнүн короосуна электр трансформатор подстанциясын орнотуу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жагын карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагындагы Ч. Сатаев атындагы маданият үйүнүн короосуна электр трансформатор подстанциясын орнотуу үчүн 16 (он алты) метр квадрат жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ЖКХ боюнча адиси Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы Э. Бейшебаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Андакулов У. |
|
|