БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Боо-Терек айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын ХХII сессиясы
2018-жылдын 20-ноябры №6
Боо-Терек айыл аймагынын аксакалдар сотунун ишинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамын турмушка ашыруу, аксакалдар сотторун усулдук жактан камсыздоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндөгү Жобонун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Боо-Терек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагынын аксакалдар сотунун ишинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл аймагынын аксакалдар соту өз ишмердиги чегинде бул Регламентти жетекчилике алсын.
3. Аксакалдар сотунун ушул Регламентке ылайык иш алып барышына аткаруу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Бейшебаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Андакулов У. |
|
|