Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры №7
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 буйругу менен бекитилген КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобого ылайык, Боо-Терек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобонун негизинде Боо-Терек айыл аймагынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобо бекитилсин.
2. Кабыл алынган жобого ылайык Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча төмөндөгү курамда комиссия мүчөлөрү түзүлсүн жана комиссия мүчөлөрүнө кабыл алынган жобонун негизинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
1. Ж. Качыбекова - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучусу, комиссиянын төрайымы;
2. Н. Эсералиева - айыл өкмөтүнүн социалдык маданий маселелер боюнча башкы адиси, комиссиянын мүчөсү;
3. С.Кудайбергенов - Ардагерлер кеңешинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү;
4. К. Токманбетов - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү;
5. А. Атакулова - Б. Сатыбеков о/м мүдүрү, комиссиянын мүчөсү;
6. Г. Сатымкулова - Д. Дуйшебаев о/м мүдүрү, комиссиянын мүчөсү;
7. Б. Бейшебаева -“Суйун апа” балдар бакчасынын башчысы, комиссиянын мүчөсү.
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Бейшебаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Андакулов У. |
|
|